Бугу 03, 2024
Убакыт: 14:58
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Таалатбек Масадыков эл аралык мамилелер боюнча француз делегациясы менен жолугушту

06.06.2023 11:23
287
Таалатбек Масадыков эл аралык мамилелер боюнча француз делегациясы менен жолугушту


Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Франциянын Куралдуу күчтөр министрлигинин эл аралык мамилелер жана стратегия боюнча Башкы башкармалыгынын Европа, Түндүк Америка жана көп тараптуу аракеттер департаментинин директору Гийом Олланье менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө потенциалдуу коркунучтарга жана тобокелдиктерге байланыштуу регионалдык коопсуздук боюнча, Афганистандагы учурдагы кырдаалдын өрчүшү жана анын регионго тийгизген таасири боюнча актуалдуу маселелер талкууланды, ошондой эле Борбор Азиядагы жана саясий-стратегиялык деңгээлде жалпы эле дүйнөдөгү кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Афганистан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Абдуразаков да катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн