Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков интернетте тараган маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, интернет сайттарда тараган маалымат чындыкка дал келбейт.
"Урматтуу достор, бүгүн ua.kg (http://ua.kg/ata-zhurt-kyrgyzstan-partiyasy-talapkerlerdin-tizmesin-zharyyalady) сайтында жана социалдык тармактарда алдыдагы шайлоого "Ата Журт - Кыргызстан" партиясынын катарында мени катышат деген жалган маалымат таратышыптыр.
Ушуга байланыштуу алдыдагы шайлоого катышууга эч кандай тиешем жок экенин билдирем, ошондой эле «Ата Журт - Кыргызстан» партиясынын мүчөсү эмесмин",- деп билдирүү калтырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн