Бугу 16, 2024
Убакыт: 11:29
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Таалатбек Масадыков кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады

31.08.2021 11:34
611
Таалатбек Масадыков кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады. 


"Кымбаттуу кыргызстандыктар!


Баардыгыңыздарды жана жалпы элибизди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгынын 30-жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм.


Тарыхта белгилүү болгондой, ар бир улут үчүн эгемендүүлүккө ээ болуу - оңой нерсе эмес. Бул чындыкты түшүнгөн элибиз көз карандысыздык үчүн күрөшүүдө кан жанын аябаган эрдик, баатырдыкты көрсөткөн ата-бабаларыбызды дайыма эскерип, жүрөгүбүздө түбөлүккө сактап келе жат


абыз. 


Эгемендүүлүк Күн - биздин жалпы баалуулуктарыбызды, үрп-адаттарыбызды кадырлаган жана түшүнгөн ар бир жараныбыздын өзгөчө майрамы, дегеним: өзүбүздүн өлкөбүз  менен сыймыктануу, мамлекетибиздин гүлдөп өсүшү үчүн талыкпай эмгектенүү,  элибизге, жерибизге болгон сүйүү деп ойлойм.


Бул жаркыраган жана кубанычтуу күнү баардыгыңыздарга чын-ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, заманыбыз тынч, өз ара түшүнүү, ынтымак жана бакубатчылык каалайм.

Жашооңуздардын ар бир күнү кубанычка, жылуулукка, ийгиликке жана жаңы жетишкендиктерге толсун!


Азыр региондо болуп жаткан ушундай оор кырдаалда өлкөбүздүн коопсуздугун жана территориалдык бүтүндүгүн камсыз кылуу, ошондой эле өлкөбүздөгү улуттар аралык жана жарандык ынтымакты, өз ара урматтоону, боорукерликтин жана ырайымдуулуктун атмосферасын сактап калуу - биздин эң негизги милдетибиз жана приоритетибиз деп эсептейм",- деп жазылат Масадыковдун куттуктоосунда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн