Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 21:59
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Таалайбек Ибраев: Жоопкерчиликсиз жетекчилерге чара көрүлөт

24.03.2023 12:21
257
Таалайбек Ибраев: Жоопкерчиликсиз жетекчилерге чара көрүлөт



Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев 2022-2023- жылдагы күз-кыш мезгилинин жыйынтыгын чыгаруу жана 2023-2024-жылга коюлган пландарды аныктоо максатында жалпы энергокомпаниялардын жетекчилери менен энергетика тармагындагы аткарылып жаткан иштер боюнча жыйын өткөрдү.  Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.


Маалыматка караганда, жыйынга “КУЭТ” ААКтын башкы директору, жалпы энергокомпаниялардын жетекчилери жана директорлор кеңешинин мүчөлөрү катышты. Министр чогулуштун жүрүшүндө бир катар маселеге токтолду. 


Таалайбек Ибраев энергетика тармагындагы реформаларга, кадр маселесине, ремонт иштерине, трансформаторлорду жаңылоого, керектүү каражаттар менен камсыздоого, компаниялар тарабынан жүргүзүлүп жаткан тендерлерге токтолду. Аткарылып жаткан иштердин күнгөй-тескейи айтылып, акылдуу эсептегичтерди орнотуу кечигип жатканын баса белгиленди. 


Өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылган жетекчилерге министрлик тарабынан эскертүү берилди. 


“2022-2023-жылдагы күз-кыш мезгилинен кандай чыкканыбыз баарыңарга маалым. Болгон күч аракетибизди жумшадык. Январь айындагы аба ырайынын күтүүсүздөн суукташы баарызга сабак болду. Эми андайга жол бербешибиз керек. Баарыңар 1-апрелден тартып авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу үчүн ремонт иштерин жүргүзгүлө, жетекчилер керектүү жабдуулар менен камсыздагыла. Айрымдарыңар ишиңерге кайдыгер мамиле кылып жатасыңар, бүгүн эскертүү берем. Бирок кайрадан кайталанса мындай кызматкердин энергетика тармагына кереги жок, чара көрүүгө туура келет. Ар бириңердин кызматтык милдетиңер бар, так аткаргыла” - деди Таалайбек Ибраев. 


Мындан тышкары энергокомпанияга керектөөчүлөр энергетика боюнча кандай маселе менен кайрылбасын, тиешелүү адистер тез арада маселесин чечип берүү керек экенин баса белгиледи. Анткени абонент тарабынан энергетиктерге нааразычылык болбошу керек экенин айтып өттү

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн