Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:31
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Таксистти алдап айдатып, акырында телефону менен 20 миңдей акчасын уурдап кеткен жаран кармалды

Таксистти алдап айдатып, акырында телефону менен 20 миңдей акчасын уурдап кеткен жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


13-март күнү кечки саат төрттөр чамасында жигит такси токтоткон. Ал айдоочудан Некрасов-Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафеге алып барууну суранган. Жигит туулган күнүн белгилеп жаткандыгын айткан. Ал жерге келип, жүргүнчү бир аз кафеде болуп, андан кийин кайра  таксиге отурган.


Бул жолу аны Аламүдүн базарынын аймагына алып барууну суранган. Ал жерде жүргүнчү дагы бир жолу таксисттен күтүп турууну суранып, ал базарга кирип чыккан. Азык-түлүк алып, машинанын арткы отургучуна коюп койгон. Андан кийин жүргүнчү айдоочудан чалып алуу үчүн телефонун сураган. Бирок таксист уюлдук телефонун кайра алган эмес. Кардар телефондун артындагы 200 доллар жана 5000 сомду алып качып кеткен.


Бул иш КЖБРне  катталган. Ыкчам-чара көрүү тобу 1996-жылы туулган Д.Н. аттуу жаранды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн