Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Талаада өрттөнгөн комбайнга өрт өчүрүүчү техника бир сааттан ашык убакытта келгенби? ӨКМнын жообу (видео)

06.07.2021 15:02
845
Талаада өрттөнгөн комбайнга өрт өчүрүүчү техника бир сааттан ашык убакытта келгенби? ӨКМнын жообу (видео)


2021-жылдын 5-июлундагы Панфилов районунун Тельман айылындагы талаада күйүп жаткан комбайн тууралуу социалдык тармактарга тарап кеткен видео боюнча, КР ӨКМ төмөндөгүлөрдү билдирет:


 Аталган өрт кырсыгы катталгандыгы боюнча маалымат саат 13:54тө келип түшүп, маалыматтын негизинде, Панфилов райондук ӨКБнүн №2 ӨККБнүн 1 өрт өчүрүүчү унаасы 13:56 да өрт болгон аймакка чыгып кеткен. Панфилов райондук №2 өрткө каршы бөлүмү Каинды шаарында жайгашкан, андан сырткары кырсык катталган аймакка түз бара турчу унаа жолунун жоктугуна жана талаада сугат иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу, өрт өчүрүүчү унаанын эрте баруусуна тоскоолдуктар жаралган жана 14:39 да жерине жеткен. 


 Өрт кырсыгы катталган аймакка болжол менен 100 метр аралык калган учурда, өрт өчүрүүчү унаанын бензонасосу ысып, 1,5-2 минута ичинде кемчиликтер оңдолуп өрт өчүрүү иштери жүргүзүлгөн. 

Катталган өрт кырсыгынын кесепетинен «JOHN DEERE1550WTC» үлгүсүндөгү комбайн, 4 тонна арпа, 30м2 чабыла элек арпа жана жана арпанын орду күйгөн. Катталган өрт 15:50дө толугу менен өчүрүлгөн. Ээси Б.Т.Ж.

Ар бир кырсык катталгандыгы туурасында маалыматтар убактысы менен жазылып, кырсыкка жетүү, чектөө, жана толугу менен өчүрүү убакыттары атайын китепчеге катталат. Ошол себептен , өрт кырсыгы боюнча видео материалдарды соц.тармактарга жүктөгөн жарандын өрт өчүрүүчү унаасы 1 сааттан ашык убакытта келди деген маалыматы чындыкка дал келбейт. 


Андан сырткары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018 жылдын 22- августундагы №381 токтому менен бекиген «Кыргыз Республикасында ӨРТ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИНЕ» ылайык өрт коопсуздугу боюнча жоопкерчилик мекеменин же иш кананын жетекчилигине, менчик ээлерине жүктөлгөн. Ошол эле эреженин 781 беренесине ылайык, түшүм жыйноого тартылган агрегаттар жана автоунаалар (комбайн, трактор ж.б ) экиден кем эмес өрт өчүрүүчү каражат (ОГНЕТУШИТЕЛЬ), 2 күрөк, шыпыргы андан сырткары учкундан сактоочу түзмөк (искрогоситель) менен камсыз болуусу зарыл. Жогоруда көрсөтүлгөн эрежени камсыз кылуу менен өрт кырсыгы чыгып кеткен учурда өрттүн баштапкы стадиясында өчүрүп калууга мүнкүнчүлүк түзүлмөк. Ал эми практика көрсөткөндөй жөнөкой жеңил автоунаа 10-15 минутада күйүп кетсе, - комбайн эки эсе тез ылдамдыкта өрттөнөт.     


Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түшүм жыйноодо жөнөкөй өрт коопсуздук эрежелерин сактоо менен өзүбүздүн түшүмүбүздү, мүлкүбүздү, байлыгыбызды өрттөн арачалап калаарыбызды эскертет.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн