Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:49
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Талант Мамытов 10-январда референдум өткөрүү боюнча мыйзамга кол койду

12.12.2020 05:49
1616
Талант Мамытов 10-январда референдум өткөрүү боюнча мыйзамга кол койду

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.


Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.


Кабыл алынган мыйзамда Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январына, жекшемби күнгө референдум дайындоо каралган.


Референдумга Кыргыз Республикасынын төмөндөгүдөй башкаруу формаларын тандоо маселеси чыгарылат:


— президенттик республика;


— парламенттик республика;


— бардык варианттарга каршы.


Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
Айгуль
Президенттик Республика
Айгуль
Президенттик Республика
Жээнбубу
Президенттик башкаруу.
ТАЛАЙБЕК
Президенттик Республика
Исабаева Жылдыз
Президенттик башкаруу