Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстан Россиянын вакцинасын алууга кызыктар

18.12.2020 17:19
665
Кыргызстан Россиянын вакцинасын алууга кызыктар


Мындай пикирин президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов КМШнын мамлекет башчыларынын видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынында билдирди. Анын айтымында, Россия коронавируска каршы бир нече вакцинаны ийгиликтүү сындоодон өткөргөн.


Россия тарабынан коронавируска каршы бир нече вакцинанын ийгиликтүү иштелип чыккандыгын белгилеп, урматтуу Владимир Владимировичти жалпы адамзат үчүн бул маанилүү окуя менен куттуктап кетким келет. Бүгүнкү күндө вакциналарга кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана биздин өлкөлөрдүн калктарын иммундаштыруу учурдун талабы болуп саналат. Кыргыз тараптын Россиянын вакцинасын алууга кызыктар экенин дагы бир жолу билдирип кетким келет”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн