Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 02:51
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Талант Мамытов Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо үчүн кеңешме түздү

20.11.2020 14:53
507
Талант Мамытов Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо үчүн кеңешме түздү

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов бүгүн, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору коомдук талкууга чыгарылып жаткандыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


  "Урматтуу кыргызстандыктар!

Азыркы учурда өлкөбүз өнүгүү жолунда кыйын мезгилди башынан өткөрүп жатат.

2020-жылдын 5-6-октябрь күндөрүндөгү баарыбызга белгилүү окуялар коомчулук кескин жана системалуу кайра өзгөрүүлөрдү талап кылгандыгын ачык эле көрсөттү.

Коррупция, кландар жана өнүкпөгөн партиялык система акыркы жылдарда өлкөнүн экономикалык өнүгүшүн токтотуп жаткан башкы деструктивдүү факторлордон болуп калды. Өлкөгө кыйла натыйжалуу болгон мамлекеттик башкаруунун моделин иштеп чыгуу аркылуу жаңылануу зарылдыгы айкын болду.

Жакында эле Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоору коомдук талкууга чыгарылып, ал коомчулукта чоң талаш-тартыштарды жаратты. Үч элдик толкундоолорду башынан өткөргөн өлкө катары биз жарандардын бардык айтып жаткан пикирлерин түшүнүү менен кабыл алабыз.

Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн баса белгилейм.

Буга байланыштуу Конституциянын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келүү үчүн конституциялык кеңешме түзүлдү. Мен Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу катары тийиштүү Жарлыкка кол койдум.

Анын курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөтүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирди.

Конституциялык жыйындын иши максималдуу түрдө ачык-айкын жүргүзүлөт.

Ар бир жарандын пикири эске алынып, өлкөнүн бардык элин бириктирүүчү фактор, республиканын мындан аркы өнүгүүсүнүн кепилдиги боло турган Баш мыйзамдын макулдашылган долбоорун иштеп чыгабыз деп ишенемин",-деп жазылган маалыматта..

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Озу кечее шайлоодо мыйзам бузду го