Бугу 06, 2024
Убакыт: 16:45
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Талапкердин үстүнөн жазылган арыз боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү түшүндүрмө берди

23.10.2021 11:15
972
Талапкердин үстүнөн жазылган арыз боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү түшүндүрмө берди


№ 32 Кочкор округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу талапкер катары шайлоого аттанган Нурбек уулу Ормондун үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына добуш сатып алуу тууралуу арыз түшкөн. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.


Аталган жагдай боюнча "Медиа центр" мультимедиялык-маалымат агенттиги талапкер Нурбек уулу Ормондун  шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Нургазиевге кайрылып, окуянын чоо-жайы боюнча маалымат алды.


Анын айтымында, бул арыз аны каралоо үчүн жазылган.


"Аталган арызды берүү менен маалыматты бурмалоо жана Нурбек уулу Ормонду каралоо иштери болуп жаткандай. Себеби Нурбек уулу Ормон меценаттык иштер менен алектенгендиктен, окуянын өзөгү июнь, июль айларында болгон. Өзүңөр билгендей ал учурда шайлоо болору анык эмес болчу. Нурбек уулу Ормондун өзүнүн негизги принциптеринин бири бул "ТАЗА ШАЙЛОО" жана мыйзамдын талаптарын сактоо менен атаандаштыкты көрсөтүп, элдин колдоосуна татыктуу ээ болуу. Андан тышкары, видео камералар кайсы бир кызматкердин пайдасына, же бир пайда табуу максатты көздөбөстөн, болгону коопсуздук маселесин алдын алуу багытында көмөк көрсөтүү багытында берилгендиктен бул жерде эч кандай добуш сатып алууга байланыштырууга мүмкүн эмес",- деп билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн