Бүгүн президенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштеринин акыркы күнү. 2020-жылдын 15-декабрынан бери карай үгүт өнөктүгү өтө кызуу жүрүп келет. Талапкерлердин саны 17 болгону менен, негизинен эки гана талапкер ат салышып жаткандай көрүнүш болууда. Биринчиси, бул Садыр Жапаров, ал эми экинчи жээк ага каршы тургандар. Мурдагы президенттик шайлоолордо жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү бар делген негизги талапкер менен кармашуудан сырткары дагы бири-бири менен тирешкен талапкерлер болот эле. Мисалы, 2011-жылдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү кеңири талапкер Алмазбек Атамбаев болгон. Ошол эле убакта башка талапкерлер Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда да маалыматтык жактан кармашуулар күч алган эле.
Бул жолкусунда башка талапкерлердин ортосундагы кармашуулар байкалбайт. Теледебаттарда да көбүнесе бир гана талапкердин дарегине сындар айтылып, бири-бирин коштоолор орун алууда. Бири президенттик башкарууну, экинчиси парламенттик башкарууну жактаса дагы, учурда «Башкаруунун формасы азыр маанилүү эмес» деген орток пикирди кармануу менен негизги талапкерге сүр көргөзүп турушат.
Ошол эле убакта айрым талапкерлерге карата кылмыш иштери да козголуп калганы белгилүү болду. Атап айтсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Эркин Тоо» басмаканасына байланыштуу кылмыш ишин кайрадан иликтөөгө киришти. Бул кылмыш ишинде президенттикке талапкер Каныбек Иманалиевдин да аты аталган. Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов мындай дейт: «Бишкектин «алтын квадратында» жайгашкан имарат 2002-жылдын 20-августунда өкмөттүн токтому менен республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилген. «Тарыхый-маданий мурасты колдоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзам боюнча тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга, ордун которуштурууга, кайра курууга жана өзгөртүүгө уруксатты өкмөт бере алат. Бирок 2015-жылы «Эркин Тоо» ишканасынын акционерлери министрликтин кызмат адамдары жана курулуш компанияларынын бири менен келишип алып, ал жерге кабат үй салуу жана пайда көрүү үчүн имаратты атайын тизмеден чыгарышкан деп шек саналууда».
Бул боюнча кылмыш иши Атамбаевдин убагында да эки жолу козголгонун, Бакиевдин убагында үч жолу козголгонун айткан Каныбек Иманалиев учурдагы бийлик да аны ага карата саясий куугунтук жасоо максатында козгоп жатканын билдирди.
Мындан сырткары дагы бир президенттикке талапкер Курсан Асановдун жубайы да алдамчылыкка шектелип жатканы белгилүү болду. 7-январда УКМК президенттикке талапкерлердин биринин аялы алдамчылыкка шектелип жатканын кабарлаган. Көрсө ал К. Асановдун жубайы болуп чыкты. Кыскача айтканда, бул талапкердин жубайы кайсы бир ишкерден 5 млндон ашык доллар акча каражатын алып, кайтарып бербей жүрөт экен. Бул боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталганы маалым болду.
Ал эми 6-январда өткөн теледебатта К. Асанов өзүнө жана үй-бүлөсүнө ар кандай кысымдар болуп жатканын айткан болчу. Бирок, кандай кысымдар болуп жатканын ачыктаган эмес.
Албетте, эгерде бул аттары аталгандардын кылмыш иштери факты менен далилденсе, анда мыйзам алкагында жоопкерчилигин алуулары зарыл. Мыйзам баары үчүн бирдей болушу шарт. Бирок, бир гана суроо жаралат, эмне үчүн ушуга окшогон кылмыш иштери шайлоолордун алдында, же саясий көз караштардын кагылышуу учурунда козголуп калат? Жасалган кылмыш кандай күндө болсо да дароо козголушу керек эмеспи.
Пикирлер (1)