Бүгүн, 7-февралда Талас облусунун бир нече тургуну маалымат жыйын өткөрүп, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылышты.
Алардын айтымында, министрдин таластыктар тууралуу айткан сөзү министр сүйлөй турган сөз эмес.
"Урматтуу президент Садыр Жапаров, сизден Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айткан сөздөрүнө чара көрүүнү талап кылабыз.
Ал таластыктарга карата айткан сөзү үчүн жооп берсин жана кызматынан бошотулсун", - деди Талас облусунун тургундары.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн