Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Таласта 36 тонна контрабандалык күйүүчү май аныкталды

Таласта 36 тонна контрабандалык күйүүчү май аныкталды

УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу майларды милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду.


УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 7-январда Талас районунун Кара-Ой айылында 1977-жылы туулган Н.А.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы мамлекеттик номери 08 KG 874 AAN “ДАФ” үлгүсүндөгү унаа кармалган.


Текшерүү учурунда тиешелүү документтери жана цистернанын капкактарында контролдук пломбалары жок 36 тонна (баасы 3 млн сомдон ашык) күйүүчү-майлоочу май бар экени аныкталган.


Учурда күйүүчү-майлоочу майлардын келип чыгышынын бардык жагдайларын изилдөө, ошондой эле милдеттүү салыктыкты төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн