Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 17:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Таласта баласын куткарам деп чөгүп кеткен эне менен баланын сөөгү табылды

15.02.2021 08:32
449
Таласта баласын куткарам деп чөгүп кеткен эне менен баланын сөөгү табылды

Таласта сууга чөгүп кеткен эне-баланын сөөгү табылды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык,  14-февралда Талас облусуна караштуу Арал айылында көлмөгө 2018-жылы туулган бала чөгүп кеткен. Уулун куткарууга аракет кылган 24 жаштагы келин баласы менен кошо сууга чөгүп кеткен.


Министрликтин маалыматына таянсак, баланын атасы уулунун сөөгүн суудан алып чыккан. Жерине Талас райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, келиндин сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн