Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Таласта бир жылдан ашык убакыттан бери зордукталган кыз көз жарды

30.07.2021 15:08
840
Таласта бир жылдан ашык убакыттан бери зордукталган кыз көз жарды

Таластын 17 жаштагы тургуну көз жарды. Бул тууралуу Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү Жакшыгул Узакбаева билдирди.


Анын айтымында, ага Бакай-Ата районунун тургуну арызы менен кайрылып, 2004-жылы туулган кызын айылдагы балдар алсыздыгынан жана ден соолугунан (кем акыл) пайдаланып, бир жылдан бери зордуктап жүргөнүн айткан.


«Учурда иш Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөдө экен. Жакындары иш жеткиликтүү текшерилбей, жыйынтык болбой жатат деп кайрылышты», - деди ал.


Талас ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 8-июнунда Бакай-Ата РИИБге Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан маалыматтардын электрондук журналына​ ​ катталган материал келип түшкөн. Анда Бишкек шаарынын №6 төрөт үйүнө Бакай-Ата районунун 2004-жылы туулган тургуну — кош бойлуу Т.С. (37 жума) түшкөндүгү көрсөтүлгөн.


Аталган факт ​ аймактык караштуулугу боюнча Бакай-Ата РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине​ Жазык кодексинин 164-беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. ​


Азыркы убакта Т.С.га карата соттук-медициналык экспертиза​ дайындалып, ​анын кимден кош бойлуу болгондугун аныктоо максатында иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.


Булак: "Турмуш"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн