Талас шаарында 13 жаштагы кош бойлуу кыз ооруканага түштү. Бул тууралуу "Турмуш басылмасы оорукананын жетекчилигине таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, кыздын кош бойлуулук мөөнөтү 27-аптага жеткен.
Дарыгерлердин айтымында, кызда аз кандуулук байкалууда. Мындан сырткары ал талма оорусу менен жабыркап келет.
УЗИ-анализдеринин жыйынтыгында наристенин баш сөөгү өспөй калган. Мындан улам дарыгерлер ымыркайды операция жолу менен алып салуу чечимин кабыл алышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн