Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 18:40
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Таласта энергетика кызматкерлери мамлекетке 5,4 млн сом зыян келтирген

01.04.2022 07:35
443
Таласта энергетика кызматкерлери мамлекетке 5,4 млн сом зыян келтирген

Талас областтык прокуратурасы тарабынан жогорку чыңалуудагы тармактар аркылуу ири өнөр жай керектөөчүгө жеткирип берүүдө электр энергиясын кем эсепке алуу боюнча кылмыш ишинин тергөөсү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Тергөөдө, Талас жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын жооптуу адамдары «Чат-Базар» көмөк чордонун кайра конструкциялоодо энергия жабдууларын куроо жана жөндөө учурунда өзүнүн кызматтык милдеттерине шалаакылык мамиле кылгандыктан, мамлекетке 5 млн 475 миң 34,52 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.


Тергөөнүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн материалдык зыян толугу менен өндүрүлүп, аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери О.А.П жана О.А.С. кылмыш жоопкерчилигине тартылышты.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн