Талас облусунда күндүзгү стационарлар үчүн 661 орун даярдалды. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев 14-июлдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, облуста абал туруктуу.
"Ушул күнгө чейин күндүзгү стационарларга 6291 адам кайрылды, 1554 адам дарылануудан өтүп жатат. Учурда ар бир айылдагы ФАПтарда орундар даярдалды. Эл арасында өз алдынча дарылануунун кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Облуста абал туруктуу", - деди облус жетекчиси.
Талас облусу боюнча 9 рентген-аппарат иштейт. Талас облусу боюнча COVID-19 инфекциясын жуктурган адамдардын жалпы саны 95ти түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн