Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Таласта медкызматкер коронавируска шектелип, оорукана карантинге жабылды

09.06.2020 16:39
976
Таласта медкызматкер коронавируска шектелип, оорукана карантинге жабылды

Талас шаарында поликлиника карантинге жабылды. Аталган маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты. 


Маалыматка караганда, медициналык мекеменин кызматкери коронавирус илдетине шектелүүдө. 


"Анын анализинин жыйынтыгы чыга элек. Бул боюнча толугураак маалыматты кийинчерээк беребиз", - деп билдиришти ведомстводон. 


Талас облусунда бүгүнкү күнгө чейин коронавирус менен ооругандар катталган эмес.


Кыргызстанда 9-июнга карата жалпы 2 миң 55 адамдан коронавирус аныкталды. Айыккандардын саны 1 миң 483 адамды түзсө, 24 адам бул илдеттен каза тапты. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн