Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:40
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Таласта мугалимдердин эмгек акысын өз кызыкчылыгына пайдаланган директор кармалды

Таласта мугалимдердин эмгек акысын өз кызыкчылыгына пайдаланган директор кармалды


Кыргыз Республикасынын УКМК ККК тарабынан Билим берүү чөйрөсүндөгү туруктуу коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш- чаралардын алкагында Талас областындагы орто мектептин директору тарабынан мугалимдердин эмгек акысынын бир бөлүгүн мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.       


 2021-жылдын 2-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Талас областындагы орто мектептин директору кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ушул мектептин кызматкерлеринен акча алып, жумуштан кетиребиз деп коркуткандыгы аныкталды.   


Мындан тышкары, аталган мектептин директорунун иш бөлмөсүн тинтүү учурунда аталган билим берүү мекемесинин мугалимдерине жана техникалык кызматкерлерине эмгек акыны эсептөө үчүн мезгил-мезгили менен акча каражатын алып турган 9 банк картасы табылып алынды... Жогорудагы факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда бул схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн