Бүгүн, 1-июлда Таластын борборунда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду колдогон митинг болуп өттү. Бул тууралуу Талас ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, облустук администрациянын жанына 15-20дай киши чогулуп, Бабановдун бошотулушун жана адилеттүү иликтөө жүргүзүүнү талап кылышкан.
Митингчилер жергиликтүү бийликке өз талаптарын айткан соң, тарап кетишкен.
Эске салсак, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов УКМК тарабынан "Коррупция" беренеси менен камакка алынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн