Таласта суудан 18 жана 16 жаштагы бир туугандардын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылынын тургундары, такталган маалымат боюнча 18 жаштагы У.Э. эркек бала жана У.К. 16 жаштагы кыз бир туугандар 19-июль күнү дайынсыз жоголгондугу тууралуу 102 кызматына түшкөн.
Маалымат тушкөн күнү ИИБкызматкерлери издөө иштерин жүргүзүшкөн. Ал эми бүгүн жерине Манас райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 куткаруучусу, ИИБнын кызматкерлери менен биргеликте издөөгө чыгышкан.
Издөө иштеринин натыйжасында Талас дарыясынан аталган бир туугандардын биринин сөөгү саат 11:20 чамасында суу үстүндө калкыган абалда табылган. Андан бир жарым саат өткөндөн кийин ӨКБнын адистери суунун түбүнөн агасынын сөөгүн алып чыгышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн