Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы коомдук тамактануу пунктунда газ баллон жарылды. Бул тууралуу Turmush басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11 адам ооруканага жеткирилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча жарылуу 4-январда саат 15:30 чамасында болгон.
Кара-Буура аймактык ооруканасына ар кандай даражадагы көп күйүк алган 11 адам жаткырылды. Төрт жарадардын абалы оор экени айтылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн