Теке 26, 2025
Убакыт: 14:21
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Таласта турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүдө коррупциялык схема орун алгандыгы аныкталды

02.06.2025 10:46
298
Таласта турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүдө коррупциялык схема орун алгандыгы аныкталды


Талас облусунун Айтматов районундагы Чолпонбай айыл өкмөтүндө 2021-жылдары турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүдө коррупциялык схема орун алгандыгы аныкталды.


Прокуратурадан билдиришкендей, бул мезгил аралыгында айыл өкмөтүнүн жана каттоо органдарынын жооптуу кызматкерлери расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен 10 жаранга мыйзамсыз негизде 2 гектардан ашуун жер тилкесин берип, тийиштүү укук тастыктоочу документтерди мыйзамсыз тариздеп беришкен. 


Аталган факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иш козголуп, жер тилкесин кайтаруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн