Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында тез татымдан чыккан өрттөн 11 адам ооруканага алынып келген. Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин маалыматына таянсак, 1 адамды амбулатордук дарылануу үчүн үйүнө жиберген. Калган 10 киши ооруканада.
"Газ баллондун жарылышынан чыккан өрттө эң көп 32 жаштагы аял жабыркап, денесинин 82 пайызы күйгөн. Мындан сырткары 3 бейтаптын абалы оор бойдон калууда" ,- деди министрликтен.
Окуядан беш эркек киши жана беш аял ошондой эле жаштагы наристе жаракат алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн