Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Талибан деген эмне? Лидерлери, түзүлүшү, таржымалы

15.07.2021 21:35
1044
Талибан деген эмне? Лидерлери, түзүлүшү, таржымалы


2001-жылы АКШ баштаган күчтөр Афганистандагы Талибанды бийликтен кетиришкен, бирок андан бери топ акырындык менен калыбына келип, кайрадан ооган аймактарын басып алууда.

Жыйырма жылдык согуштан кийин АКШ өз аскерлерин чыгарып кетүүнү 11-сентябрга чейин аяктоого даярданып жатканда, Талибан Афганистандын аскер постторун, шаарчаларын жана айылдарын басып алып, ири шаарларды курчоодо. Талибдер өкмөттү кулатат деген кооптонуулар күч алды.

Топ АКШ менен 2018-жылы түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 2020-жылы февралда эки тарап Дохада тынчтык келишимин түзүп, АКШны кетүүгө жана Талибанды америкалык күчтөргө кол салуулардын алдын алууга милдеттендирген. Мындан тышкары ал-Каидага же башка согушкерлерге өзү көзөмөлдөгөн аймактарда иштөөгө уруксат бербөө жана улуттук тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууну талибдер убада кылган.

Бирок кийинки жылы Талибан Афганистандын коопсуздук күчтөрүн жана жай тургундарын бутага алган. Эми, АКШ кетүүгө камынып жатканда, топ кайрадан жанданып, өлкө боюнча тездик менен алга жылууда.

Талибандын бийликке келиши

Талибан же пушту тилинде "окуучулар" 1990-жылдардын башында Афганистандан советтик аскерлер чыгып кеткенден кийин Пакистандын түндүгүндө пайда болгон. Пуштундар басымдуулук кылган кыймыл алгач сунниттик исламдын катаал түрүн үгүттөгөн диний семинарларда пайда болгон, - деп эсептелет.

Талибан Пакистан менен Афганистандын чек ара аймагында жайгашкан пуштун тилкелеринде  тынчтыкты жана коопсуздукту калыбына келтирүүнү жана бийликке келип, шарияттын катаал нускасын орнотууну убада кылган.

Афганистандын түштүк-батышында Талибан тез эле өз таасирин жайылткан. 1995-жылы сентябрда алар Иран менен чектеш Герат провинциясын басып алышкан жана туура бир жылдан кийин Афганистандын баш калаасы Кабулду басып алышып, президент Бурхануддин Раббанинин режимин кулатышкан. Раббани Советтик оккупацияга каршылык көрсөткөн афган мужахеддеринин негиздөөчүлөрүнүн бири. 1998-жылы Талибдер Афганистандын дээрлик 90% көзөмөлдөп турган.

Советтик аскерлер чыгарылгандан кийин моджахеддердин тынымсыз ич ара тирешүүлөрүнөн тажаган афгандар, талибдерди колдоп, тосуп алышкан. Алардын кадыр-баркынын жайылышына коррупцияны жоюудагы ийгилиги, мыйзамсыздыкты ооздуктаган аракеттери, өздөрү көзөмөлдөгөн жолдор менен аймактарды соода-сатыктын гүлдөп-өнүгүшү үчүн коопсуз кылганы себеп болгон.

Ошону менен катар Талибан исламдык жазаларды киргизген - мисалы, адам өлтүргөндөрдү жана ойноштук кылган адамдарды эл алдында жазага тартуу, уурулук кылгандардын колдорун кесүү. Эркектер сакал өстүрүп, аялдар тулку-боюн толук жапкан паранжа кийиши талап кылынган.

Талибандын башкаруу түзүмү

Талибан ошондой эле телекөрсөтүүгө, музыкага жана киного тыюу салып, 10 жаштан жогору кыздардын мектепке барышын жактырган жок. Аларга ар кандай адам укуктары жана маданий мыйзам бузуулар боюнча айып тагылган. Белгилүү мисалдардын бири - 2001-жылы болгон.  Талибан эл аралык нааразычылыкка карабастан, Афганистандагы белгилүү Бамиян Буддасынын айкелдерин талкалаган.

Кандагар-Герат жолун көзөмөлдөгөн Талибан жоокери, 2001

Талибан жана Пакистан

Талибдердин мындай кадамдарына Пакистан жоопту экенин улам четке каккан, бирок алгач кыймылга кошулган көптөгөн афгандыктар Пакистандагы медреселерде билим алышканы күмөнсүз. 

Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттары менен катар, Талибан Афганистанда бийликке келгенде тааныган үч мамлекеттин бири Пакистан болгон. Ошондой эле, Пакистан бул топ менен дипломатиялык байланышын үзгөн акыркы өлкө.

Бир учурда Талибан түндүк-батыштагы өздөрү көзөмөлдөгөн аймактардан Пакистанды  туруксуз кылабыз деп коркуткан. Пакистандагы Талибандын эл аралык деңгээлде айыпталган чабуулдарынын бири 2012-жылы октябрь айында болуп, анда мектеп окуучусу Малала Юсуфзайга Мингора шаарында үйүнө бараткан жолдо ок атылган эле.

Эки жылдан соң, Пешавардагы мектептеги кыргындан кийинки ири аскердик чабуул топтун Пакистандагы таасирин кыйла төмөндөткөн. 2013-жылы АКШнын дрондон жасалган соккуларынан Пакистандагы Талибандын кеминде үч негизги адамы, анын ичинде топтун лидери Хакимулла Мехсуд өлтүрүлгөн.


Малала Юсуфзай

Аль-Каиданын "ыйык жайы"

2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборуна  жасалган чабуулдан кийин дүйнөнүн көңүлү Афганистандагы Талибанга кадалды. Талиптер башкы шектүүлөргө - Осама Бин Ладенге жана анын "Аль-Каида" кыймылына башпаанек берген деп айыпталган.

2001-жылы 7-октябрда АКШ баштаган аскердик коалиция Афганистанда чабуулга өтүп, декабрдын биринчи аптасында Талибандын режими кулаган. Топтун ошол кездеги лидери Молдо Мухаммад Омор жана Бин Ладен баш болгон башка таасирдүү адамдар дүйнөдөгү эң ири издөө иштерине карабастан колго түшпөй качып кетишкен.

Кабарларга караганда, Талибандын көптөгөн лидерлери Пакистандын Кветта шаарында баш калкалап, ал жерден Талибанды жетектеп турган.  Бирок "Кветта Шура" деп аталган нерсенин бар экендигин Исламабад четке какты.

Чет элдик аскерлердин саны барган сайын көбөйгөнүнө карабастан, Талибан бара-бара калыбына келип, андан кийин Афганистандагы таасирин күчөтүп, өлкөнүн көпчүлүк аймактарын кооптуу абалга келтирди. Ал эми өлкөдөгү зордук-зомбулук 2001-жылга чейинки деңгээлге кайтып келди.

Пакистандагы Талибандын лидери Хакимула Мехсудду АКШнын дрону атылып өлтүргөн, 2013-ж.

Кабулга Талибандын көптөгөн кол салуулары болгон жана 2012-жылдын сентябрында бул топ НАТОнун Кэмп Бастион базасына чабуул койгон.

2013-жылы Талибан Катарда кеңсе ачуу ниетин билдирип, тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу үмүттөр пайда болгон. Бирок бардык тарапта ишенбөөчүлүк сакталып, зордук-зомбулук улана берди.

2015-жылы августта Талибан Молдо Омордун өлүмүн эки жылдан ашуун жашырып жүргөнүн моюнуна алган.

Кийинки айда топ өз ара араздашууларды токтотуп, молдо Омордун орун басары болгон молдо Мансурду жаңы лидер кылып шайлаган.

Ошол мезгилде, Талибан 2001-жылы жеңилгенден бери биринчи жолу провинциянын борборун - стратегиялык жактан маанилүү Кундуз шаарын көзөмөлүнө алган.

Молдо Мансур 2016-жылы май айында АКШнын дрондон урган соккусунан набыт болуп, анын ордуна орун басары Мавлави Хибатулла Ахундзада топту башкарып калган.

Батыш аскерлеринин кетиши

2020-жылдын февралындагы АКШ-Талибан тынчтык келишиминен кийинки бир жыл ичинде - бул узак мезгилдеги түздөн-түз сүйлөшүүлөрдүн туу чокусу болгон - Талибан өзүнүн тактикасын өзгөртүп, шаарлардагы жана аскердик түйүндөрдөгү катаал кол салуулардан максаттуу өлтүрүүлөргө өтүп, афган жарандарынын үрөйүн учурган.

Журналисттер, соттор, тынчтыкты жактоочулар, бийликтеги аялдар бутага алынды. Талибан экстремисттик идеологиясын өзгөртпөгөнү, алардын стратегиясы гана өзгөргөнү анык болду.

Эл аралык колдоо жок Кабулдагы өкмөт Талибан алдында алсыз экенин билдирген афган ырасмийлеринин катуу тынчсызданууларына карабастан, АКШнын жаңы президенти Жо Байден 2021-жылдын апрелинде бардык америкалык аскерлер өлкөдөн 11-сентябрга чейин кетерин жарыялаган.

Жыйырма жылдык согушта эң күчтүү армияга моюн бербеген Талибан, чет элдик күчтөр чыгып кеткенден кийин Кабулдагы өкмөттү дагы бир жолу кулатабыз деп коркутуп, көптөгөн аймактарды ээлей баштады. НАТОнун акыркы божомолуна ылайык, топ 2001-жылы бийликтен кулатылгандан бери, саны жагынан күчтөнгөн, азыр анын катарында 85 000ге чукул согушкери бар.

Алар канча аймакты канчалык каратып алганын болжоо кыйыныраак, анткени провинциялардын көзөмөлү Талибан менен өкмөттүк күчтөр ортосунда ар-бери алмашып турат. Бирок акыркы эсептөөлөргө караганда, топ өлкөнүн 20-30% аймагын ээлеп турат.

Топ тездик менен алдыга жылып жатат. Афганистандагы АКШ баштаган миссиянын командачысы генерал Остин Миллер июнь айында өлкө башаламан жарандык согушка бараткан жолдо турат деп эскертип, муну "дүйнө жүзү үчүн тынчсыздануу" деп атаган.

Ошол эле айда АКШнын чалгындоо кызматы афган өкмөтү америкалык аскерлер кеткенден кийин алты ай ичинде кулашы мүмкүн деген тыянакка келген. 

Булак: bbc.com

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн