Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 18:48
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Тандоо укугу партия лидеринен элге кайтты!

29.07.2021 08:28
1281
Тандоо укугу партия лидеринен элге кайтты!


Буга чейинки үч төңкөрүш тең элдин шайлоо укугу колунан алынып, шайлоо жыйынтыктары бурмаланганы үчүн болгон.


Бүгүн кыргыз саясий тарыхында абдан маанилүү окуя болду, шайлоо процессин туңгуюктан алып чыга турган системдүү өзгөртүү киргизилди. 


Мындан ары эл өкүлүн партия лидери эмес, эл өзү тандай турган преференциалдык шайлоо мыйзамын прогрессивдүү эл өкүлдөрүнүн өжөрлүгү жана бийликтин да эрктүү чечими менен, буюрса, өткөрүп алдык.


90 эл өкүлүнүн 54ү партиялык тизме менен келет, бирок эл өзү каалаган партияны гана тандабастан, ар бир партиянын 55 талапкерден турган тизмесинен өзү каалаган талапкерин тандап алат.


Преференциалдык система кандай жаңылык алып келет:


* Элге Баш мыйзамдагы эл өкүлүн шайлоо укугу кайтарылат.


* Партия лидери олигархтарды ээрчибей, тескерисинче, элдин кадырына ээ болгон жаратмандарды, интеллигенция өкүлдөрүн, мугалимдерди жана дарыгерлерди тизмеге киргизгенге аракет кылат.


* Атаандаштык бир ууч партия эле эмес, шайлоого аттанган миңден ашык, бардык талапкерлер арасында жүрөт, добуш сатып алуунун таасири абдан азаят.


* Партиялар белгилүү лидерлердин эмес, идеянын тегерегинде бириккен күчтөрдөн туруп, лидердин монополиясы жок болуп, чыныгы партиялашуу ишке ашат.


* Парламентке өткөн ар бир эл өкүлү жалпы элдин колдоосуна ээ болуш үчүн жан талашып иштеп, элге көрүнүп, кийинкинин камын көрөт. Бул болсо парламенттин сапатын барган сайын жогорулатат. 


* Эл бийликке шайлоо аркылуу таасир этерине ишеним кайтат, төңкөрүштөргө негиз калбайт.


Бул абдан олуттуу өзгөртүүнүн жанында жаңы мыйзамга жараша 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланмай болду. Бир мандаттуу шайлоо канчалык замандын талабына жооп бербесе да, Жогорку Кеңеште бардык аймактардын өкүлү болуусу жагынан канааттандырарлык маселе. 


Жогоруда айтылган жагымдуу өзгөртүүлөрдүн жанында Жогорку Кеңешке өтүү босогосунун 3 пайыздан 5 пайызга жогорулашы, тилекке каршы, жагымсыз бир компромисс болгону менен, саясий күчтөрдүн консолидациясына да алып келет деген үмүттөмүн. 


Кыргыз саясий тарыхында эң начар, эң эрксиз чакырылыш аталганы менен бүгүнкү Парламенттин мүчөлөрүнө – кесиптештериме элдин тагдырын оңго бура турган, ушунчалык маанилүү чечим кабыл алып, мыйзамдагы сунушту колдоп бергендери үчүн терең ыраазычылык билдирем!


Көрөсүздөр, тарых сөзсүз оң баасын берет.


Алтынбек Сулайманов, КР ЖК депутаты 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Сулацманов пияр кылба озуну.Акча таркатып добуш сатып алууеар токтомойун кандай формада откорбо ыплас ото берет шайлоо