Бугу 15, 2024
Убакыт: 12:10
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Танзаниялык жеке кен издөөчү миллионерге айланды

26.06.2020 10:29
985
Танзаниялык жеке кен издөөчү миллионерге айланды


52 жаштагы жеке кен издөөчү Санинью Лейзер 24-июнда өлкөнүн тоо-кен өнөр жай министрлигинен өзү тапкан жалпы салмагы 15 килограммдык танзанит кристаллы үчүн 3,4 миллион доллар алды. Танзаниялык жаңы миллионер тапкан акчасына өзү жашаган Симанджиро округунда мектеп жана соода борборун курууга ниеттенүүдө.


“Мен билим ала алган жокмун, бирок балдарымдын жогорку билимге ээ болуусун каалайм. Менин жердештеримдин көбү абдан эле кедейлер, ошондуктан балдарды үйдөн алыс жибербей окутуу үчүн мектеп куруу ниетим бар”, - дейт жаңы миллионер.


Санинью Лейзердин буга чейинки жашоосу начар эле дешке болбойт – анын 2 миң баш уйлары, төрт аялы жана 30дан ашык балдары бар.


Танзанит – бул Танзания мамлекетинин түндүгүндөгү Мерелани руднигинде гана казылуучу баалуу асыл таш жана ал кооздук жасалгаларын жасоодо колдонулат.


Танзанит Жер шарында чанда кездешүүчү түртүстүү таш деп эсептелет – жашыл, кызыл, коңур кызыл, көп учурда көк түстө болот. Баасы таштын тазалыгына жана тунуктугуна жараша аныкталат. Лейзер салмагы 9,2 жана 5,8 килограммдык танзанит таштарын өткөн аптада казып алган. Буга чейин Танзанияда табылган танзаниттердин эң эле чоңу 3,3 килограмм болгон.


Танзаниянын президенти Джон Магуфули олжо ээсине телефон чалып куттуктады. Ал эми жергиликтүү геологдордун бири Би-Би-Сиге танзаниттин запастары болжол менен 20 жылдан кийин түгөнөт деп айткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн