Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:31
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Таш-Көмүр ГЭСтер каскадында күз-кыш мезгилине даярдык иштер кызуу жүрүүдө

15.05.2024 17:35
236
Таш-Көмүр ГЭСтер каскадында күз-кыш мезгилине даярдык иштер кызуу жүрүүдө


Таш-Көмүр ГЭСтер каскадында күз-кыш мезгилине даярдык иштер активдүү жүрүүдө.

"Электр станциялар" ААКтан билдиришкендей, аталган ГЭСтер каскадына Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон ГЭСтери кирет.

Учурда ГЭСтер каскадында 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүп, калкты электр энергиясы менен камсыздоо максатында активдүү иш алып барылууда.

Анын ичинен 13-майдан тарта Таш-Көмүр ГЭСинде ГА-2 гидроагрегатын жана Т-2 блогунун трансформаторун пландуу оңдоо иштери аткарылууда. ГЭСте ар бир негизги жана көмөкчү жабдыктарга кылдаттык менен ремонт жүргүзүлөт.

Шамалды-Сай ГЭСинде №2 гидроагрегатты капиталдык жана №2 блоктук трансформаторду пландык оңдоого чыгаруу башталууда. Кыш мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүккө учурабашы үчүн коюлган пландын алкагында негизги жана калган көмөкчү жабдыктарга оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Үч-Коргон ГЭСинде 2024-жылдын март айынан баштап ГА-4 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери, апрель айынан тарта ГА-2 гидроагрегатын капиталдык оңдоо иштери башталган. Учуда көмөкчү жабдыктарды план боюнча оңдоо жана экинчи схемаларды профилактикалык калыбына келтирүү жана ГА-4 монтаждоо жана демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, Таш-Көмүр ГЭСтер каскады (Таш - Көмүр, Шамалды - Сай, Үч - Коргон ГЭСтери) калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн ноябрь айына чейин ремонттук иштери бүткөрүлүп, күз-кыш мезгилине өз убагында даяр болушу керек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн