Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:06
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Таш-Көмүрдө 3 килограмм "гашиш" менен мурдагы күч структураларынын кызматкери кармалды (видео)

06.04.2023 10:07
236
Таш-Көмүрдө 3 килограмм "гашиш" менен мурдагы күч структураларынын кызматкери кармалды (видео)



Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын узак мөөнөттүү атайын операциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагына баңги каражаттарынын оор түрлөрүн жеткирүү каналын уюштурган трансулуттук баңги тобунун ишине бөгөт коюлду. 


ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө “гашиш” баңгизаттарын сатууга аракет кылган учурда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жашаган 1955-ж.т. А.К. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалган.   


Контролдук таразалоодо алынган заттын таңгакталган түрүндө салмагы 2 кг 935 гр түзгөн. 


Тергөө учурунда кармалган жаран 2009-жылы Өзбекстан укук коргоо органдары тарабынан баңгизаттга байланышкан кылмыштарды жасагандыгы үчүн камалып, 2017-жылы бошотулган. Мындан тышкары, ал күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери болуп иштеп кеткен.


Мындан аркы аркы издөө иш-чараларын жүргүзүүдө баңги тобунун башка мүчөлөрү аныкталып, алардын бири Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жашаган А.С. жараны аныкталып, кармалган. 


Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду.  

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 


           


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн