Таш-Көмүрдө дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө иштери уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөө иштерине бүгүн ӨКМден 54 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер, туугандарынан 25, жалпысынан 94 адам чыкты жана 4 дрон тартылды.
Издөө иши өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Ал ар бир кокту-колотторду кылдаттык менен кароону жана коопсуздукту сактоо менен иш алып барууну тапшырды.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган М.Д. аттуу тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна мал айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн бери изделип жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн