Бугу 06, 2024
Убакыт: 08:24
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ташиев Чолпон-Атада УКМК кызматкерлерине курулган үйлөрдү тапшыруу аземине катышты

04.11.2021 12:54
675
Ташиев Чолпон-Атада УКМК кызматкерлерине курулган үйлөрдү тапшыруу аземине катышты

Ысык-Көл облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн 4 батирлүү кызматтык үйдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, инфраструктураны өркүндөтүү жана куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, УКМК кызматкерлери үчүн тийиштүү шарттарды түзүү боюнча иштер улантылууда.


2021-жылдын 4-ноябрында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында 4 батирлүү кызматтык үйдүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди.


Батирлерди пайдаланууга берүү аземинде КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы К.А. Жумадылов, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жана ветерандары катышты.


Кызматтык үйлөрдүн курулушун подрядчы “Бает Жаштары” ЖЧКсы жүргүздү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн