Казакстандагы башаламандыкка кыргыз коомчулугун бир жактуу күнөөлөнү жок чыгаруу биздин милдет. Мындай пикирин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Урматтуу мекендештер!
Казакстанда болуп өткөн баш аламандыктарга бир жактуу пропаганда аркылуу кыргыз коомчулугун күнөөлөгө болгон аракетти жокко чыгаруу биздин милдет, себеби чындыгында Кыргызстандан эч кандай атайын даярдыктагы адамдар коңшу мамлекетке өтүп баш аламандык уюштурууга катышкан эмес, мүмкүн кээ бир мекендештерибиз ар түрдүү жагдайларда аралашып калышы ыктымал, бирок эч кандай «террорист» болушу мүмкүн эмес!
Ошондуктан "Жапайы Армандын" сөзү, В.Рузахуновду сүйлөткөндөрү баары жасалма, жалган маалыматтар, дүйнөлүк коомчулук жана биздин боордош казак элибиз билиши керек. Кыргыз эли Казакстан мамлекетине тынчтык, бакубаттуулук жана биримдик каалайт",- деп айтылат Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүндө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн