Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ташиев: Орхан Инанды буга чейин да уурдалган, башка өлкөгө барып жашоону сунуштаганбыз

08.07.2021 15:44
1629
Ташиев: Орхан Инанды буга чейин да уурдалган, башка өлкөгө барып жашоону сунуштаганбыз

"Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инанды буга чейин да уурдалган. Бирок анда биздин кызматкерлер сактап калган.  Бул тууралуу маалымат жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.


"Орхан Инанды уурдалганы тууралуу маалымат түшөрү менен биздин кызматкерлер тыкыр иликтөөлөрдү жүргүздү. Бардык укук коргоо органдары анын турган жери боюнча маалымат табууга аракет кылды.

Буга чейин аны уурдаган. Бирок ал жолу биздин кызматкерлер сактап калган. 

Биз ошондо эле ага бардык сунуштарды бергенбиз. Жалгыз жүрбө, жан сакчы жалдап жүр деп түшүндүргөнбүз.


Бул тууралуу анын жубайы да Нурлан деген бала да билет.


Мындан сырткары, 2018-жылдан бери Орхан Инандыны уурдоого аракет кылып келишкен.

Инанды кош жарандыкка ээ болуп жүргөн. Ал чет өлкөлөргө чыкканда түрк паспортун колдонуп келгени тууралуу маалымат түштү. Ал паспорттун мөөнөтү 2024-жылга чейин жарактуу. Эгер Орхан Инанды Кыргызстанда болгондо биз аны башка паспорт колдонгону үчүн жоопко тартмакпыз",- деди Камчыбек Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн