Кулжа 26, 2024
Убакыт: 15:18
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Ташиев: Ундун баасы 10 миңге чыкса, бензиндин баасы 100 сомго чыкса Чыңгыз Айдарбеков жооп береби же Нуржигит Кадырбеков желкесине ташып келеби?

07.01.2022 12:09
6100
Ташиев: Ундун баасы 10 миңге чыкса, бензиндин баасы 100 сомго чыкса Чыңгыз Айдарбеков жооп береби же Нуржигит Кадырбеков желкесине ташып келеби?

Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынында Кыргызстандын аскер кызматкерлерин Казакстанга жөнөтүү маселеси каралып жатат. Аскерлерди жөнөтүүгө каршы чыккан депутаттардын пикиринен кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев сөз алды.


«Урматтуу депутаттар, биз бул жерде пиар кыла турган, ар ким өзүнүн шайлоочуларынын алдында же башкалардын алдында пиарлай турган убакыт эмес. Мен ачык эле айтып коёюн, азыр мага маалымат келди. «Ак жол» менен «Ак тилекти» жабышты (кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттары). 100% жабышты. Эртең барып туруп Айдарбеков (Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков) жооп берсин, элге. Эртең ундун 1 кабы 10 миңге чыгып кеткенде, 1 литр бензин 100 сомго чыгып кеткенде… Бул жерде мамлекетти да ойлошубуз керек да. Биз эмне, көчөдө жүргөн эле адамдар эмеспиз да. Бул жерге келип алып, силерге жалынып-жалбарып эле, өзүбүз үчүн чечип жаткан жокпуз. Силер үчүн чечип жатабыз, мамлекетибиз үчүн чечип жатабыз. Коомубуз үчүн чечкенге аракет кылып жатабыз.


Силер, урматтуу депутаттар! Коомубуздун жаңы шайланып келген депутаттары катары жоопкерчилик алышыңар керек. Эртең Нуржигит Кадырбеков («Ыйман нуру» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты) жооп бербейт да. Ал отурат, креслосунда. "Мен адамдардын канынан корком" деп коюп. Ошондуктан урматтуу туугандар, урматтуу депутаттар, мен силерди дагы бир жолу чакырып кетем. Бул жерде саясат кыла турган, өзүңдү пиарлай турган же шайлоого бара турган, даядана турган убакыт эмес. Мамлекеттик деңгээлде мамлекет башчысы кабыл алган чечим.


Эгерде добуш бере албасаңар, пиарлабастан, канды, башканы оозуңа алып сүйлөбөстөн, жакшынакай кылып туруп, унчукпай отуруп бергиле. Себеби, азыр 7 посттун төртөө жабылды. Эртең жети пост тең жабылгандан кийин унду желкесине ким, Кадырбеков ташып келип береби? Ким ташып келип берет? Элибизди ким багат? Элибиздин тынчтыгын ким сактайт», - деди К.Ташиев.


Булак: "Баракелде"

Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
Атабек Бурдушаев
Мен Камчыбек Ташиевти колдочу эмесмин . Бул жолу айтканы туура кыргыздар жардамга барыш керек казахстанга. себеби :биринчиден ОДКБнын казахстандагыкомандующийи генерал полковник СЕРДЮКОВ герой . России опытный генерал. Экинчиден : биздин Кг стандын жол кырсыгынан . Кыргыз таджик границадан . Кгстандын Жана ички уруш талаштан коп адамды жерге берип жатабызко.
Гуля
туура айтат колдошувуз керек
Акыл
Башка жолун издеш керек,Казахстанды эле карап отура бербей
Барсбек
Ырас кылдыныз ары-жок депутатты!!! Кадырбеков кыпкызыл пиарщик жамакчы..
Зыйна
Ааа бул бензиндин келбей калышына коркуп жаткан турбайбы, барган жоокерлерден кырсыкка учураганы болсо Ташиев жооп бере бекен анда.