Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:59
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ташиев: Уюшкан кылмыштуу топтун "башын жанчабыз"

13.10.2021 12:31
699
Ташиев: Уюшкан кылмыштуу топтун "башын жанчабыз"

Башын көтөргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн башы жанчылат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун сүроосуна Камчыбек Ташиев жооп берип жатып билдирди.


Анын айтымында, азыркы учурда кылмыштуулук менен күрөшүү жүрүп жатат.



"Бир жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтор мамлекеттик деңгээлде эле. Түштүктө өзүнчө мафиясы бар, түндүктө өзүнчө бар.

Кылмышкерлер бири «мыйзамдагы ууру» болуп, бири «положенец» болуп, мамлекетти ороп алды эле. Керек болсо мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга, мамлекеттик ишканаларга кол сала башташкан. Бүгүнкү күндө андай жок. Азыр бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбү, жетекчисиби, башкасыбы, башын көтөрүп көрсүн, «башын жанчабыз». Бири да башын көтөрө албайт",- деди Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн