Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Ташиев: Жамгырчиев мени жоопко тартууну суранып “Салим бойваччага” кат жазган

10.01.2024 14:57
359
Ташиев: Жамгырчиев мени жоопко тартууну суранып “Салим бойваччага” кат жазган


Жогорку Кеңештин 10-январдагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев депутат Эмил Жамгырчиевдин («Альянс») Салимбай Абдувалиевге (Салим Бойвачча) жазган катын көрсөттү.


«Бул кат 10 барактан турат. Ал өз колу менен жазган. Бул Өзбекстандын криминалдык авторитети экенин ачык айтышыбыз керек. Ал [Жамгырчиев] андан [Абдувалиевден] колдоо издеген. Катта ал бийликти каралап, аларга чара көрүүнү суранган. Бул кандай акмакчылык?”, – деди Ташиев ачууланып.


Ал каттын үзүндүлөрүн окуп берди. «Ал Камчыбек Кыдыршаевич андан 180 миң доллар талап кылганын жазган. Бул арыздын негизинде иш козголду. Жамгырчиевдин атасы менен 2 жигит жолугуп, менин атымды айтып, акча керек экенин айтышканы аныкталган. Алар Эмил Жамгырчиевдин атасынан 180 миң доллар алып кетишкен. Ал балдардын бири Кадамжайдан, экинчиси Сузактан. Ооба, алар шайлоо учурунда биздин чөйрөдө жүрүштү. Аларды кармап, 180 миң долларды атасына кайтарып бердик. Алардын бири Орозалиев камактан чыгаар алдында акыркы 10 миң долларын берген. Андан кийин инсульт болуп, ооруканада каза болгон. Бул Жамгырчиевдин айынан болду», — деди УКМКнын башчысы.


Ташиевдин айтымында, ал Абдувалиевге жазган катында көрсөтүлгөндөй опузалап акча талап кылган эмес, тескерисинче, акчаны атасына кайтарып берген.


Ошондой эле УКМКнын төрагасы белгилегендей, депутат Абдувалиевге кат аркылуу кайрылып: “Урматтуу Салимбай ака, сиз бүткүл Борбор Азияны көзөмөлдөп турасыз, сизге баары баш ийет. Биздин президенттер Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков, Жапаровдор президент болгонго чейин силерден дайыма жашыл жарык алып келишкен. Мен да мунун баарын билип туруп, сизден жардам сурайм».


«Бул кандай уят? Бул бүтүндөй өлкөнүн шермендеси. Бир дагы президент кримавторитеттин батасын алган эмес. Ал мага карата чара көрүүнү суранган. Ташиевди жоопко тартууга жардам бергиле деп суранган. Муну комиссия көрдү. Каттын бар экенин Жамгырчиев өзү да мойнуна алган. Элестеткиле, депутаттардын арасында ушундай адамдар отурат. Муну билип туруп ага башка берене кошкон жокпуз», - деп түшүндүрдү Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн