Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ташиев менен Ятимовдун сүйлөшүүсүнөн кийин Тажикстанда кармалып турган 4 аскер бошотулду

Ташиев менен Ятимовдун сүйлөшүүсүнөн кийин Тажикстанда кармалып турган 4 аскер бошотулду



Бүгүн, 19-сентябрда Баткен облусунун бийлиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы  Камчыбек Ташиев баш болуп эки тараптуу кыргыз-тажик ок атышууну токтотуу, жана кырдаалды турукташтыруу боюнча макулдашууларды камсыздоо боюнча иштерди улантууда.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Чек арага жакын аймактардын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуунун алкагында Ташиев тажик кесиптеши менен тыгыс байланышта болууда. 


Бүгүн түштөн кийин К.Ташиев укук коргоо органдарынын жана облустук бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Тажикстандын аймагында болуп, тиешелүү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тажик тарабынан кармалган УКМК чек ара кызматынын төрт аскер кызматкерин бошотууну макулдашышты. 


19-сентябрда саат 21:00гө карата КР УКМК төрагасы К.Ташиев бошотулган 4 чек арачы менен бирге Баткен облусунун «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу КР аймагына кайтып келди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн