Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 09:41
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ташиев менен Жапаровдун атын жамынган алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Ташиев менен Жапаровдун атын жамынган алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

УКМК алдамчылыкка шектелген адамды кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Шектүү Ташиев жана Жапаровдун туугандары менен тааныштыгынын артына жашынып, жарандарды ишке орноштурам деп убада кылган.


Аталган иш бирдиктүү реестрге катталды. Кылмышка шектүү  жаран "А.Б.И" бүгүн, 4-мартта, акчанын бир  бөлүгү болгон 50 миң сомду алып жаткан кезде кармалган.


Ал А.Б.А атуу жаранды чоң кызматка орноштурам деп 15 миң доллар талап кылган. Бүгүн 1000 доллар алып жаткан.

Жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн