Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 21:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ташиев: "Жапаров менен Ташиев жер сатты" деген чагымчылдардын сөзү

19.04.2021 13:49
1063
Ташиев: "Жапаров менен Ташиев жер сатты" деген чагымчылдардын сөзү

Чек ара боюнча атайын чагымчылдык уюштуруп жаткандарды мен жакшы билем. Мындай пикирин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Савай айылынын эли менен жолугушуу учурунда билдирди. 


Анын айтымында, чагымчылдар Жапаров менен Ташиев жер сатып жиберди деп чагымчылдык уюштуруп жатат.


"Жапаров менен Ташиев жер сатып жиберди деген маалыматтарга ишенбеңиздер. Мен чагымчылдардын артында ким турганын билем. Аларга ишенбеңиздер. Мени өзүңүздөр жакшы билесиздер. Араңыздарда чоңойгон адаммын. Эч качан андай кадамга барбайм. Чындыкты мына мен өзүм айтып жатам",- деди Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн