Май куюучу станциялар дизель майынын баасын 10 сомго арзандатты.
Бүгүнкү күндө дизель майы 63,6 - 64 сомдон сатылууда. Буга чейин баасы 70 сомдон жогору болчу.
Эске салсак, өткөн ишембиде УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев нефтетрейдерлер менен жыйын өткөргөн. Анда ал дизелдик майдын баасы абдан көтөрүлүп жатканын айтып, арзандатууну талап кылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн