Бугу 15, 2024
Убакыт: 14:20
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ташиевдин Кемпир-Абад боюнча айтканын өчүр деген. Тазабек Икрамов Санрабия Сатыбалдиеванын кармалышы тууралуу пикирин билдирди

04.11.2022 13:34
482
Ташиевдин Кемпир-Абад боюнча айтканын өчүр деген. Тазабек Икрамов Санрабия Сатыбалдиеванын кармалышы тууралуу пикирин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов журналист Санрабия Сатыбалдиеванын кармалышы тууралуу пикирин "Кактус.медиага" билдирди.


Анын айтымында, Сатыбалдиева буга чейин да Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылган.


"Мен Санрабияны менен жакындан тааныйм. Кечинде аны кармашканда кайра бошотушат деп ойлогом. Анткени ал азыр кош бойлуу жана 2 жашка чыга элек баласы бар",- деди депутат.


Тазабек Икрамов мындан сырткары депутат Шайырбек Ташиевдин Кемпир-Абад боюнча сүйлөгөн сөзүн социалдык тармактан өчүрүүнү башка журналист талап кылганын билдирди.


"Буга чейин башка бир журналист Шайырбек Ташиевдин Кемпир-Абад боюнча сүйлөгөн сөзүн өчүрүүнү талап кылган жана ал арыз жазган болушу мүмкүн",- деп кошумчалады.









Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн