Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 08:23
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ташиевдин демилгеси менен Жалал-Абадда эки көчөгө асфальт төшөлдү

08.11.2022 17:46
659
Ташиевдин демилгеси менен Жалал-Абадда эки көчөгө асфальт төшөлдү



Камчыбек Ташиев бүгүн, 8-ноябрь күнү, өз каражытанан Жалал-Абад шаарына караштуу Жеңиш кичи районунда асфальт төшөлгөн ички жолду пайдаланууга берди. Жергиликтүү тургундардын катышуусунда жаңыланган жолдун ачылуу аземи болуп өттү. Аталган шаар көчөсүнө буга чейин Камчыбек Кыдыршаевичтин атасы - Кыдырша Ташиевдин ысымы жергиликтүүлөр тарабынан ыйгарылган.


Андан соң, Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айыл аймагына караштуу бир чакырым ички жолду дагы өз каражатынан асфальттап, пайдаланууга тапшырды. Айыл элинин катышуусунда өткөн аземге Камчыбек Ташиев да катышты.


Ушуну менен акыркы 2 күндүн ичинде Камчыбек Ташиев өзүнүн жана үй бүлөсүнүн демөөрчүлүгү менен асфальтталган 4 жолду жергиликтүү тургундарга пайдалаууга тапшырды.

Алдыда дагы айыл элинин муктаждыктарын чечүү аракеттери улантылмакчы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн