Испаниянын "Леванте" клубунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевдин 15 жаштагы уулу Эмир-Хан Кыдыршаев текшерүүдөн өтүп жатат. Кыргызстан Футбол Федерациясы "Левантенин" формасын кийген Эмир-Хандын сүрөтүн жарыялады.
"Буга чейин ал белгилүү италиялык футболчу Паоло Росси атындагы академияда 1,5 жыл окуп, жарым жыл Италиянын чемпионатынын В сериясында ойногон. Кыргызстандан кеткенге чейин ал борбордун "Илбирс" футболдук клубунун базасында окуган. Эгерде текшерүү ийгиликтүү өтсө, Эмир-Хан Кыдыршаев Испаниянын Ла Лигасына катышкан биринчи кыргызстандык боло алат. Эмир-Ханга ийгилик каалайлы”, - деген билдирүү калтырган футбол союзу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн