Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 23:44
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Татарстандын президенти эки күндүк иш сапары менен Бишкекке келди

19.11.2021 09:38
499
Татарстандын президенти эки күндүк иш сапары менен Бишкекке келди

Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) президенти Рустам Минниханов бүгүн, 18-ноябрда Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.


«Манас» эл аралык аэропортунан Рустам Миннихановду Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды.


Бул сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу жолугушуу болору күтүлүүдө.


Мындан тышкары, Рустам Миннихановдун кыргыз-татар ишкердик форумуна жана башка иш-чараларга катышуусу пландалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн