Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Тазабек Икрамов 84 кг алтындын кармалышы тууралуу: Өкмөт чет өлкөлөрдөн карыз сурап жүрсө, бул жактан 100 килограммдап алтын уурдап жатат

20.04.2023 11:01
399
Тазабек Икрамов 84 кг алтындын кармалышы тууралуу: Өкмөт чет өлкөлөрдөн карыз сурап жүрсө, бул жактан 100 килограммдап алтын уурдап жатат

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов контрабандалык жол менен кармалган 84 килограмм алтын боюнча пикирин билдирди.


"Биздин өкмөт Америка барып, эл аралык донорлордон карыз сурап жүрөт. Ал эми бул жакта алтынды килограммдап, тонналап уурдап жатат.

Спортчуларыбыз граммдап алтын ташып келип жатса, мынтип уурдап жатканы кейиштүү.

Бул 84 килограмм кармалып калганы гана, кармалбаганы канча билбейбиз. Ушул алтындын артында ким турат аныктаңыздар",- деди Икрамов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн