Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Тазабек Икрамов автотранспорт үчүн милдеттүү камсыздандыруунун мөөнөтүн 2025-жылга жылга жылдырууну сунуштады.
Икрамовдун айтымында, автотранспортту камсыздандыруу жок дегенде ыктыярдуу түрдө болушу керек.
"Кайсы жерде болбосун кымбатчылык. 1-апрелге чейин автотранспортту милдеттүү түрдө камсыздандырыш керек деп жатышат. Бул коомдо чоң нааразылыктарды пайда кылууда. Эл кыйналып жатканда милдеттүү камсыздандырууну 2025-жылга жылдырып туруш керек же ыктыярдуу түрдө камсыздандырыш керек",- деди эл өкүлү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн