Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:34
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Тазабек Икрамов: ТИМ Төрт-Күл суу сактагычынын каналы боюнча түшүндүрмө берсин

04.02.2021 12:56
1042
Тазабек Икрамов: ТИМ Төрт-Күл суу сактагычынын каналы боюнча түшүндүрмө берсин

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Төрт-Күлгө суу куйган канал боюнча ТИМ түшүндүрмө берүүсүн талап кылды. Бул тууралуу депутат бүгүнкү жыйында билдирди.


"Кечээ Улукбек Марипов өз программасы менен тааныштырып жатып бир кызык фактыны айтып алды. Ал Баткен облусундагы Төрт-Күл суу сактагычы жөнүндө маселе. Бул суу сактагычынын стратегиялык мааниси зор. Эгер биз премьер-министрдин сөзүнө ишене турган болсок, анда иш чатак жагына айланат. Дал ушул маселе боюнча тийиштүү комитеттерге тапшырма берип, Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматын жабык уксак. Маселе оор жагдайда карала турган болсо, тез арада депутаттык комиссия түзүшүбүз керек", - деди Икрамов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн