Теке 29, 2025
Убакыт: 10:36
USD
87.20
87.70
EUR
100.80
101.80
RUB
1.060
1.095

Тажик аскерлери тарабынан кармалган кыргыз жараны кайтарылып берилди

27.09.2021 15:51
886
Тажик аскерлери тарабынан кармалган кыргыз жараны кайтарылып берилди

Бүгүн, 27-сентябрда Тажикстандын атайын кызматы тарабынан кармалган Кыргызстандын жараны мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.


Маалыматка караганда, 1995-жылы туулган Мирзаев Орозбек Балтабаевич саат 14:00 чамасында «Кулунду» көзөмөл өткөрүү пунктунда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.


Эскерте кетсек, Мирзаев 26-сентябрда жубайы менен Тажикстандын Жигдели айылындагы туугандарына бара жаткан учурда кармалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн