Бугу 10, 2024
Убакыт: 09:44
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Тажик аскерлери тарабынан кармалган кыргыз жараны коё берилди

21.09.2021 08:19
650
Тажик аскерлери тарабынан кармалган кыргыз жараны коё берилди

Тажик аскерлери тарабынан кармалган  кыргыз жараны Кубанычбек Акматов коё берилди. Бул тууралуу Баткен районунун акими "Азаттык" радиосуна билдирди.


Маалым болгондой, Кубанычбек Акматов азыркы учурда өзүнүн үйүндө.


Тажикстандын коопсуздук кызматкерлери 6-сентябрда Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну, сегиз баланын атасы Кубанычбек Акматовду кармап кеткен. Кармоо учурунда жанынан болжол менен 100 кг ферула чөбү табылганы айтылган.


Кыргызстандын Чек ара кызматы Акматов Үч-Дөбө айылы тарапка дары чөп чогултуп барганын, аны транзит жолдон кармап кетишкенин жана тажик жарандарына мыйзамсыз чөп сатууга аракет кылган деген айып коюшканын маалымдаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн